“Айкөл” чек ара тозотуна куралдуу кол салуу болуп, бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болду
2015-жылдын 16-январында болжол менен саат 22:50дө белгисиз адамдар Лейлек чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна куралдуу кол салышып, анын натыйжасында бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болгон.
Бул окуяга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы чек араны күчтөлүгөн тартипте кайтарууга өттү.
Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иш алып барууда.
Азыркы тапта чек арачылар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча операция жүргүзүшүүдө.


Комментарий кошуу