Атамбаевди араб өлкөлөрү күтүүдө
Декабрдын алгачкы аптасында Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясына, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине расмий сапар менен барат.
Расмий сапардын алкагында ал бир катар жолугушууларды өткөрөт, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулайт.
Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары 7-8-декабрда Катар мамлекетинде улантылат.


Комментарий кошуу