Өкмөт1

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү жер-жерлердеги таза суу, каттоо, жараксыз мектептер, жол, бала бакча, экология көйгөйлөрүн Өкмөткө багытташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат Абдыманап Кутушев Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнөн келген кат менен тааныштырды. Анда учурунда айылды таза суу менен камсыздоо иши колго алынып, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо болуп,  таза суу чыгарылгандыгы айтылат. Тилекке каршы, таза суу тутуму бир жылдан кийин иштебей калган. “Эми Экономика министрлиги айыл өкмөттү таза суу чыгарууда эл тарабынан чогултулушу керек болгон 5% төлөмдү сот аркылуу өндүрүп алууга аракет ккылып жатканы туура эмес”,- дейт депутат А.Кутушев.

Депутат Максат Сабиров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 конушунда жашаган 865 үй-бүлө ушул тапта каттоосу жок бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтып, шаар мэриясы алардын көйгөйүн чечип берүүсү керектигин билдирди.

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы Усубалиев атындагы мектеп эскилиги жетип, кулаганы турат. Анын мындай жараксыз абалы боюнча тиешелүү органдардын дагы корутундулары бар. Усубалиев атындагы мектептин маселесин депутат Бакыт Шаршеев Өкмөткө жолдоду.

Депутат Роза Акназарова Чаткал районунун жол көйгөйүнө токтолуп, стратегиялык жол салынышы зарылдыгын ортого салды. Депутаттын белгилөөсү боюнча Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр жолу учурунда географиялык абалы эске алынбай салынган, аны кармоого көп каражат кетет.

Ноокат районундагы 5 айыл өкмөттө жерлер учурунда такталбай туруп бөлүштүрүлгөн. Ага Кара-Кой токой чарбасы дагы кирип калып, талашта турат. Депутат Надира Нарматова бул маселени чечип берүүнү Өкмөттөн талап кылды.

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр шахтасы менчиктештирилип кеткен. Анын балансында бала бакча дагы бар. Бала бакчага муктаж жергиликтүү тургундар бакчаны айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсө деген өтүнүчтөрү билдиришкен. Жергиликтүү элдин өтүнүчүн депутат Эркингүл Иманкожоева алып чыкты.

Орусия экономикасындагы жагымсыз жагдай Кыргызстанга дагы таасир этип жаткандыгын айткан депутат Улукбек Кочкров КР Өкмөтүн бул багытта иш алпарууга чакырды.

Өзгөндүн бир катар айылдарында таза суу маселеси чечилбей, Жазы дарыясынан суу ичишет. Бирок, Жазынын боюнда унаа жууган жагдай кадимки көрүнүшкө айланган. Мындай маселени көтөргөн депутат Абдимуктар Маматов жок дегенде Жазы суусун таза кармоого чара көрүлсө дейт.