Алмазбек Атамбаевдин Арабия сапарынын акыбети кайтабы?
Араб өлкөлөрү учурда дүйнөлүк финансылык борборлордун бири экени айныгыс чындык. Апта башында Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетине бир жумага созулган расмий сапары соңуна чыкты.
Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда сапардын жыйынтыгы тууралуу “Максатым – араб өлкөлөрүнө жол ачуу эле. Сапарыбыз абдан байсалдуу жана жемиштүү аяктады”,- деди.
Чынында эле Сауд Арабиясынын королу чет мамлекеттердин жетекчилерин келегой деп кучак жая тосо бербейт экен. Арабияга барган менен өлкө башчысына жолуга албай кеткен мисалдар жетишээрлик. Ал эми Президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алууга королдун үй-бүлө мүчөлөрү, мамлекеттик жогорку органдардын жетекчилери чын ыкластан катышканы эле Кыргызстанга көрсөтүлгөн зор сый-урмат деп айтууга болот.
Өлкө башчыбыз да колдон келишинче Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ынанымдуу айтып, түшүндүрүүгө аракет жасады. Саудиялык ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын баарына катышып, эгер Кыргызстанга келебиз дешсе жеке өзү колдоо көрсөтөөрүн да убада кылды.
Натыйжада, саудиялык бизнесмендердин бир тобу келечектүү долбоорлорду изилдеп чыгып, андан соң каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Албетте, бул жакшы иштин башталышы гана. Эми аны илгерилетип, араб ишкерлеринин ишенимине кирүү милдети турат. Кыргызстан араб өлкөлөрү үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачаары шексиз. Биздин географиялык жайгашуубуз абдан ыңгайлуу.
Алмазбек Атамбаев жумалык сапардын эң көп убактысын Бириккен Араб Эмираттарында өткөрдү. Бул өлкөнүн жетекчилиги менен сегиз келишимге кол коюлду. Алардын ичинен кош салык төлөөгө жол бербөө, эки өлкө арасындагы аба байланышы, кылмышкерлерди өткөрүп беришүү жана кылмыш иштери боюнча өз ара көмөктөшүү келишимдерин айтууга болот.
Ал эми сапар жыйынтыкталган Катар мамлекети тууралуу кызыктуу маалыматтарды гезитибиздин өткөн санында жарыяладык. Бул өлкө бир эле мунай менен газдын эсебинен эмес, башка өлкөлөргө инвестиция чегерүү эсебинен экономикасын эки-үч эселенткени жатканын айттык. Демек, Кыргызстан ошондой мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга ашыкканы абзел. Президент Алмазбек Атамбаев барып келди, маселе чечилди деп олтура берүүгө болбойт. Анткени, арабдар канчалык бай болсо да, ар бир тыйындын эсебин так билет, туш келди чача бербейт. Өлкө башчысынын бир аптага созулган сапары тууралуу азыр коомчулукта ар кандай ой жоромолдор айтылууда. “Жыйырма жыл илгери Акаев да барган, эч майнап чыккан эмес” дегендер да бар. Кеп соңунда айрым эксперттердин ой-пикирлерине кезек бере кетели.
Бизнес-эксперт Сергей Пономарев: “Бул сапардын акыбети сөзсүз кайтат”
– Президент Алмазбек Атамбаевдин араб өлкөлөрүнө бир жумалык расмий сапарын тарыхый окуя катары эсептесек болот. Азыр ушул сапардын акыбети кайтабы деп сурагандар арбын. Мен сөзсүз бир натыйжа чыгарына ишенем. Анткени, мамлекет башчы өзү баштап барып, ишкер байланыштарга чыйыр салып, мындан ары кызматташууга шарт түзүп келди. Негизи, инвесторлорду издөө Өкмөттүн иши болуш керек.
Өнүккөн араб мамлекеттерин кызыктырууга Кыргызстанда зор мүмкүнчүлүктөр бар. Айтсам, арабдар экологиялык туризмди абдан баалашат. Биздин ажайып табиятыбыз алар үчүн табылгыс нерсе. Анан бир билгеним – алар мурдагыдай мунайга эле сыйынып олтура бербей, өнүгүүнүн башка жолдорун да издеп жатышат. Демек, аларды биздин логистика жүргүзүүгө ыңгайлуу транзиттик мүмкүнчүлүктөрүбүз да кызыктырышы мүмкүн.
Албетте, өлкө башчыбыз бизнес өкүлдөрүн, ишкерлерден тартынбай арбын ала барса жакшы болмокпу деген оюм бар. Анткени, бизнесмен бизнесмен менен бат тил табышат эмеспи. Жол кире жана башка чыгымдарын деле өздөрү көтөрүшмөк. Экономист
Шумкар Адилбек уулу: “Арабдардын бизге кызыгуусу зор”
– Түзүлгөн алака мамиленин башатын мындан ары үзбөй улап кетүү өзүбүздүн талбаган аракетке жараша болот. Кыргызстан көңүл сыртында калган өлкө эмес. “Арабдар биздин табиятыбызга, таза суу ресурстарыбызга, экологиялык таза жер-жемиштерибизге жана айыл чарба азыктарыбызга кызыгуулары зор экенин баарыбыз эле билебиз. Геосаясий жагынан деле кызыкчылыктары жок эмес. Инвестиция да беришет, эгер алдым-жуттумдугубузду таштап, алардын шариат эрежелерине ылайыктап, иштеше турган болсок. Ошондуктан, биздин мамилелерди өнүктүрүп кетүүнүн этикалык жактарын да жакшылап ойлонушубуз зарыл.
Саясат таануучу Марс Сариев: “Өлкө башчысынын аракетин колдошубуз керек”
– Араб мамлекеттери менен мамиле түзүү үчүн дипломатиялык зор чеберчилик керек. Аларды кызыктыра турган Кыргызстанда көп нерсе бар. Бирок, алар акчалай жардамдарды жөн эле бербейт. Ачыгын айтсам, ири инвестициялар келээрине көзүм жетпейт. Ошентсе деле, ара жолдо токтоп калбай аракетти күчөтүү зарыл. Азыр радикалдык ислам күч алып жатканы баарыбызга маалым. Кыргызстанга да коркунучу бар. Эгер Сауд Арабиясы, Катар өлкөлөрү менен алака мамилебизди жолго коюп алсак, мындай коркунучтардын алдын алууга болот.
Мындан башка да пикирлер бар экендиги шексиз. Кандай болсо да азыр баарыбызды Кыргызстаныбыз эптеп өнүгүү жолуна түшүп кетсе деген өлкө башчысынын астейдил аракети кайдыгер калтырбашы керек.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу