Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүндө капитан лейтенантты атып алып, жаракат алган лейтенант ооруканага жетпей каза болду
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бул маалыматты тастыктай элек, алар “жетекчиликтин макулдугусуз эч кандай маалымат бере албайбыз” дешүүдө.
Маалыматка ылайык, окуя лейтенант өз нөөмөтүн тапшыруу учурунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, капитан же лейтенант Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны тапшырардын алдында анын окторун чыгарып койгон эмес. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу