умер1

3-февралда Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Йоахим Гаукка Германия Федеративдүү Республикасынын биринчи Федералдык президенти Рихард фон Вайцзеккердин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Телеграммада мамлекет башчысы дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүктүү саясатчы, Германия Федеративдүү Республикасынын биринчи Федералдык президенти Рихард фон Вайцзеккер өлкөнү оор жана өткөөл мезгилде жетектегенин белгиледи. «Анын тынчтыкты жана европалык континенттин өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон зор салымы ага бүт дүйнөдө чоң урмат жана кадыр-барк  алып келди», – деп айтылат телеграммада.