жусуп мамай

Эртең 5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу “Азатыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарада Кыргызстандын белгилүү манасчылары – Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Назаркул Сейдракманов, Улан Исмаилов, Замирбек Баялиев жана башкалар “Манас” айтышат.

“Манас” эпосунун 18 томдугун жазган Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган. Анын “Манастан” тышкары “Төштүк”, “Мамаке Шопок”, “Көбөөн”, “Толтой”, “Ажыбек Баатыр” сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыккан.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА