DCIM100MEDIA

  Нарын облусунун жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйын учурунда Нарын шаарындагы «Ак-Дил» бала бакчасынын абалы кайрадан көтөрүлдү.

-Мага кечээ кечинде Нарын шаарынын РТСдагы бала бакча боюнча суроо берилди. Көрсө ал бакчанын имараты жараксыз экен. Эгерде шарт жок болсо, эмнеге бала бакча ачышыбыз керек. Бул деген ата-энелерди жана балдарды алдоо деген кеп. Ошондой эле «Ынтымак» деген бала бакчада болуп жаткан арыздануулар боюнча да айтышты. Эмнеге мындайларга чара көрүлбөйт. Деги мурунку бала бакчанын канча имараттары кайра кайтарылды,-деп белгилеп, собол салды жыйынга катышкан вице премьер-министр Дамира Ниязалиева.

-Облуста жалпысы 28 бала бакчалардын имараттары берилип кеткен экен. Анын тогузу бузулуп, жетөө менчиктештирилгендиги аныкталды. Калган он экисинин ону кайтарылып, бешөө иштеп жатат,-деген жоопту келтирди өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова. Ал эми Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев 4 айдан бери шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылык кызматы чечилбей жаткандыгын билдирди.

-Биз билим берүүнүн башчысын кызматтан ала албайт экенбиз. Демек башчы иштебегенден соң бала бакчаларда да көйгөй жаралууда. Министрликке сунуш бергенибизге 4 ай болду, жооп боло элек,-дейт Ы.Адиев.

Аталган РТС чөлкөмүндөгү «Ак-Дил» бала бакчасы демөөрчүлөрдүн жана бюжеттин акчасына менчик үйдү сатып алуу менен 7-8 жыл мурда ачылган. Бирок ал үйдүн кулап калуу абалда болгондугун тиешелүү тармак адистери кийин аныкташкан. Натыйжада бала бакча  башка менчик тамга көчүрүлгөн.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу