Жогорку Кеңешке Кирип-чыгууну башкарууну көзөмөлдөө тутумун өткөрүп берүү жөнүндө документке кол коюу иш-чарасы өттү
Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов менен USAID/DFID уюмунун КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү боюнча программасынын жетекчиси Крег Халстед Жогорку Кеңешке Кирип-чыгууну башкарууну көзөмөлдөө тутумун (КБКТ) колдонууну толук кандуу өткөрүп берүү жөнүндө документке кол коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Р.Ешмамбетов белгилегендей, аталган тутум USAID/DFID уюмунун КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү боюнча программасы менен биргеликте ишке киргизилген. “Программанын алкагында парламентти уюштуруучулук жактан жана институтташтыруу жактан өнүктүрүү боюнча, анын ичинде КБКТ боюнча долбоорлор ишке ашырылды”,- дейт ал. Анын айтымында, бул тутум Жогорку Кеңеш Аппаратында тартипти жакшыртууга, коопсуздук маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Өз кезегинде К.Халстед Жогорку Кеңеш Аппаратынын кызматкерлерине тыгыз кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын натыйжалуу жана улантуучулук аракети парламенттин толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылаарын баса белгиледи. Ошону менен катар КБКТ жабдуусун орнотууда баардык техникалык көйгөйлөрдү чече алган татыктуу компания тандаган тендердик комиссиянын ишин да кошумчалады.
Маалымат үчүн: КБКТ – программалык-аппараттык комплекс, ал серверден, көзөмөлчүдөн, идентификациялоо жана кирип-чыгууну каттоо жабдуусунан турат. Тутум Жогорку Кеңеш Аппаратынын кызматкерлерин, жумуш мезгилинде Жогорку Кеңешке келген адамдарды каттоону башкаруу боюнча иш-милдет аткарат.


Комментарий кошуу