суу4- суу1- суу2- суу3-

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында 2014-жылдын 9-декабры күнү саат 10:00дө Чоң-Нарын жана Кичи-Нарын дарыяларында бийиктиги 2-2,5 метрден 5 метрге чейин муз топтолуп, Ак-Тал сайынан аккан суудан 17 турак жайына суу каптоо коркунучу жаралып, Кара-Бүргөн айылын Калчабаев көчөсүнүн Төш-Булак аймагын каптоолор болуп, жергиликтүү калктын күч-каражаты менен суу коопсуз аймакка бурулду.

Нарын районундагы Куланак айылында 2014-жылдын 11-декабры күнү саат 11:00 чамасында Куланак сайына муз топтолуп, айылдагы 4 турак жайдын короосунун сыртын суу каптап, муз тоңгон.

Жергиликтүү тургундар тарабынан сууну бөгөө иштерине 130 даана кап сарпталып,        саат 15:00дө жээк бекемдөө иштери аяктады. Себеби: Күз мезгилинде чарбалык максаттары үчүн бурулуп алынган сугат арыгы аркылуу суу алышып, каналдан башын жаппай коюшкан. Учурда аталган айылдарда абанын температурасы -25.. -30 градус суук болгондуктан сууну калыбына келтирүү кыйын болууда.

2014-жылдын 10-декабры күнү Нарын райондук жарандык коргонуу комиссиясы кырсык болгон жерге барып, сууну бөгөө үчүн 30 даана кап берилип, саат 19:00дө жергиликтүү калк тарабынан сууну өз багытына буруу иштери жүргүзүлгөн. Бирок, аба ырайынын төмөндүгүнөн улам 2014-жылдын 11-декабры күнү бөгөлгөн аймактардан кайра суу каптап кетүү коркунучу жаралгандыктан КРнын ӨКМнин сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин Нарындагы бөлүмү тарабынан кошумча дагы 100 даана кап бөлүнүп берилди. Аталган иш-чарага айылдык аймактан 11 киши, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана башка мекемелерден 10 адам тартылып, саат 15:00дө жээк бекемдөө иштери аягына чыкты.

Жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы суу каптоо болгон аймактарды жана башка ушул сыяктуу кооптуулугу бар жерлерде байкоо иштерин жүргүзүүдө.