каныбек Осм1

9-февралда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев “GIZ” Германия өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү Агнес Волльшлегер жана Элисон Шмидт менен жолугушту.

Комитет төрагасы К.Осмоналиев өзү жетектеген комитет социалдык блоктун кеңири чөйрөсү болгон бир катар тармактар боюнча мыйзам чыгаруу жаатында иш алпарарына токтолуп, “GIZ” долбоорлорунан толук маалыматы бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Агнес Волльшлегер “GIZдин” ишмердүүлүгүнүн алкагындагы кесиптик техникалык билим берүү жана жумушка орноштурууга көмөктөшүү программасына токтолуп, алардын бири болгон аккредитациялоо жана сертификациялоо боюнча жаңы процедураларды түзүү аркылуу кесиптик техникалык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу багытындагы иштерди тизмектеди. Ошону менен катар бул сапарында кесиптик-техникалык билим берүү училищаларын, жогорку окуу жайларды көз карандысыз аккредитациялоо жаатында кызматташуу, тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууга көмөктөшүү ниетинде келип жаткандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына баардык билим берүү уюмдарын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү боюнча түзөтүү киргизилип, мыйзам кабыл алынгандыгын маалымдаган комитет төрагасы бул маселе алга жылбай жатканын белгиледи. Ошону менен катар аталган мыйзамдын аткарылышы, көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү жаатында зарыл болгон укуктук-ченемдик актыларды аныктоо максатында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетин жыйынында маселе кароону сунуштады. Тарап мындай сунушту колдоого алып, комитеттин 24-февралдагы жыйынында бул жагдайды тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, ЖОЖдордун, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда талкуулоо боюнча бир пикирге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.