удушье
Бүгүн, таң эрте Бишкектеги Некрасов көчөсүндөгү сейил бакта турникке асынып алган жаш жигиттин сөөгү табылды. Аны ары-бери өткөн тургундар көрүп, күч органдарына кабарлашкан. Каза болгон жигиттин өздүгү азырынча тактала элек. Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иштери уланууда. Соттук-медициналык экспертизадан кийин гана окуя тууралуу маалымат берилмекчи.
Динар Турдугулова