Apple эми ден соолукка кам көрөт
Apple компаниясынын cаламаттыкты чыңдоого көмөктөшкөн жаңы программасы АКШнын бейтапканаларында чоң кызыгуу жаратканы тууралуу кабарланууда.
Apple Inc. жаңы эле ишке киргизген, интернет аркылуу доктурлар бейтап менен аралыктан туруп иштей ала турган программаны океандын ары жагында бир катар чоң ооруканалар колдоно баштаганы белгилүү болду. Атайын смартфонго жүктөлгөн тиркеме аркылуу доктурга бейтаптын кан басымы жана салмагы маалымдалып турат, анан ошол көрсөткүчтөргө жараша дарыгер бейтапка кандай чара көрөрүн айтып, оорунун күчөп кетүүсүнүн алдын алат. Ушул сыяктуу программаны “Самсунг” жана “Гугл” компаниялары да иштеп чыккан. Алар да келечекте альтернативдүү программа катары медициналык борборлордо колдонулат деп болжолдонууда. Буга чейин смартфондор үчүн адамдын саламаттыгын көзөмөлдөөчү “Гугл Фит” тиркемеси кеңири жайылганы менен ооруканаларда колдонулган эмес. Эксперттердин айтуусунда, мындай жаңы технологияны пайдаланган көрүнүштөр жакшы, бирок жеке адамдын онлайн сакталган маалыматтарынын купуялуулугу колдонуучулардын арасында чочулоо жаратышы мүмкүн.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА
Комментарий кошуу