Айтматов1
КСДП фракциясынын отурумунда бүгүн, 20-февралда депутаттар Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун Тынчтык көчөсүн Ч.Айтматовдун аты менен атоо сунушун карашты.

Мэрдин айтымында, мэрияга алгач Чүй же Киев көчөлөрүн Ч.Айтматовдун аты менен атоо боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Бирок кийин «Ысык-Көл» мейманканасынын жанынан Ч.Айтматов атындагы музейди курууга жер бөлүү чечими чыгарылган. Ошондуктан Тынчтык көчөсүнүн темир жол көпүрөсүнөн тарта мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына чейинки аралыкка Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу туура болор деп ойлогонбуз», – деди К.Кулматов.

Мэр белгилегендей, көчөдө илинген жазууларды алмаштыруу, аларды Мамлекеттик каттоодон дарек тизмесинен өткөрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.