Анапияев1

Белорусиялык Tut.by порталы бүгүн, Минскиде өлтүрүлгөн, болжол менен Алманбет Анапияев делген адамдын өлүмүнө байланышкан материалды жарыялады.

Өлтүрүү тууралуу маалыматты Белорусиянын Тергөө комитети 18-февралда эле ачыктаган. Бирок тергөө толук маалыматты берген эмес.

Tut.by материалы кыскартуулар менен берилет:

18-февралда Минсктин Либкнехт көчөсүндө таң калыштуу жандануу байкалды. Унаа токтоочу анча чоң эмес жайга опер кызматынын унаалары – милиция, тез жардам, ӨКМ келе башташты. Жергиликтүү тургундар жана жакынкы жерде жайгашкан ишканалардын жумушчулары, эмне болуп кеткенине аң-таң болуп жатышты, милиция жаңы Mercedes бизнес-класстын багажын ачканга чейин. Андан укук коргоо органдары эркек кишинин жансыз денесин табышты. Тергөө органдары үрөй учурган табылга боюнча маалымат берүүгө шашылбайт, бир гана белгилүүсү адам өлтүрүү боюнча кылмыш иш козголду.

Tut.by порталы, унаа токтоочу жайда укук коргоо органдарынын иш аракеттерине байкоо салып турган күбөлөр менен сүйлөшүүгө аракет кылды.

2f908bd71283f8f8da689fae703b6998

Алардын бирөөсүнүн айтымында, унаадан башына кап кийгизилген колдору байланган эркек кишинин денесин алып чыгышты. Моюнунда бир канча бычактын издери бар. Өлгөн адамдын бут кийими жок болгон.

Укук коргоо органдардын маектеринен улам, өлгөн адамдын жанында россиялык паспорт табылган (бирок ал өзү азият улутунда болгон), ал эми автоунаа башка адамга – Белорусиянын жаранына катталган. Ал өз таанышына унааны бир нече күнгө айдап турууга берген имиш, ал эми кийин россиялык досу байланышка чыкпай калганда, техникалык каражаттардын жардамы менен унааны таап, милицияны чакырган.

Башкалары, бул жер салонго орнотулган GPS-датчик аркылуу табылганын айтышса, айрымдары өлгөн адамдын уюлдук аппаратындагы сигнал боюнча табылганын белгилешет.

Бирок жергиликтүү ишкерлердин бири маалымат менен жакшы бөлүштү.

«Кекиртеги мууздалганын жана денесинде бычактан алган 3 же 4 жаракаты бар экендигин билем. Россиялык паспорт, көптөгөн визалар табылган. Улуту боюнча кыргыз. Салондон 4 телефон табылды. Бириси — Vertu (баасы өтө кымбат, бир нече миңден 10 миңдеген еврого чейин турат) телефону болгон. Дене кандайдыр бир жуурканга оролуптур. Адамдын колдору байланганын же бош болгондугун билбейм. Менин билишимче, эртең менен (окуя болгон күнү) ал унаа, унаа токтотуучу жайда жок болчу — тааныш айдоочум ошол жерде унаасын токтотуптур», – деди ал.

Либнекхттин күбөлөрү адам ким тарабынан өлтүрүлгөндүгүн айта алышпайт. Бирок бир катар фактылар каза болгон адам кыргызстандык кримтөбөл Алманбет Анапияев деп болжолдогонго мүмкүндүк берет. Күбөлөр, азият түспөлүндө экендигин, атүгүл улуту кыргыз экендигин айтышты.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, А.Анапияев акыркы бир нече жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашап келген. 2012-жылы АКШ бийлиги аны башка кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу эл аралык криминалдык топтун мүчөсү катары кара тизмеге киргизген. Анын эсептери камакка алынган. 2014-жылдын декабрь айынын ортосунда Анапияев Абу-Дабиде кармалгандыгы белгилүү болгон.

Булак : Баракелде