Нарын облусунун Жумгал районунда акыркы 2-3 жылда Бангладеш өлкөсүнө жалпы 8 окуучу барып, дин жаатында окуп келишкен. Бирок кайрадан өлкөгө кайтып келип мектептен билимин улантышкан, тилеке каршы кыргызча жазууну жана окуу жаатын унутуп калышкан. Мындай маалыматты 4-октябрда Жумгал районунда болуп өткөн Бангладеш окуясы тууралуу кеңешмеде белгиленди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анда, Чаек айылындагы Т.Турсунбаева, М.Алыбаев орто мектептеринен жана Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинен барган окуучулардын 6 кайтып келишсе, калган 2 бала дагы да болсо окуусун улантып келишет.

Кеңешмеде сырткы өлкөгө барып келген 1 баладан атайын сурак жүргүзүлүп, ал жактагы балдардын билим алуусу кандай экенин айтып берүүсүн суранышкан. Бирок мугалимдердин барып келген балдардын билим сапатын кароосунда кыргызча жазууларын унутуп калышкандыктарын жана жада калса өз аттарын кыргызча жазалбай калышкан. Болгону ал жактан куранды гана окутуп жалаң арабча жазууну үйрөтүшкөн.

Маалыматка карасак, Жумгал районунан акыркы 3 жылдан жалпы 8 бала Бангладеш өлкөсүнө дин окуусуна жиберилген. Учурда алардын 2си дагы деле окуусун улантып келишет.

Булак: Turmush