КР Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына караштуу «Алтын-Көл пансионаты» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө алуу, чыгымдоо беренелери менен айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, аталган пансионаттын мурдагы директору 2013-жылы сатылган жолдомолор үчүн казакстандык бир нече турфирмалардан алынган 393 миң сомдон ашык сумманы өзүнө алып алганы аныкталды.

Андан тышкары, акча каражаттарын мыйзамсыз алып алуу, ишенип берилген мүлктөрдү сатуу, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча башка дагы фактылар бар.

Мыйзам бузуулар боюнча жалпы 7 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.