жетигенов1

– Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы азыркы парламенти 4 жылдын ичинде сиздин көз карашыңызча көңүлгө толоорлук иштерди жасай алдыбы?

– Бул чакырылышта маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Күзгө чейин да бир топ мыйзамдар кабыл алынышы керек. Бирок, парламентти аша чаап мактагым келбейт. Ишмердигин эл өзү таразалайт, мурунку-кийинкилерине салыштырат. Айрым бир учурда уялган учурлар деле болот. Кыргыз эли саясый жактан абдан такшалган эл. Башында ар түрдүү саясатчылардын бал тилине кирип алданып жүрдү, кийин кимдин ким экенин таанып билди. Элден өткөн тараза жок деп айткым келет.

– Кандай мыйзамдарды жазып, кабыл алдырууга жетиштиңиз?

– Казиного каршы мыйзамды кабыл алдырууга жетиштим. Башка кесиптештерим менен биргеликте 4-5 мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргиздик.

Казинолорго каршы туруп, жаптырууга катуу белсенгениңиз элдин эсинде калды. Андан кийин казиночулардын митингдери болду, ушул кезге чейин айрым депутаттар казинолордун ачылып, ачык иштешин самап келет. Алардын жабылышы канчалык экономикалык жактан зыян же пайда алып келди?

– Оюн-зоок жайлары жабылгандан кийин бизнесмендер мага “жаңы баштап келаткан жаш балдар казиного азгырылып, акчаларын уттуруп жиберишчү эле, эми алар акчасын коротпой тынч иштеп калышты” деп айтышты. Акчалар арам иштерге айланбай, экономиканын башка тармактарына жумшалганы пайда эмеспи. Мурда казинолордон бюджетке 500 млн. сомдой акча түшчү. Бюджет үчүн бул көп деле акча эмес. Бюджетте ар бир акча саналуу, бирок Кыргызстандын жаш муундарынын келечегин ал акча менен салыштырууга мүмкүн эмес. Бюджетти толтуруу үчүн коррупциялык схемаларды жабуу керек. Азыр схемалар акырындык менен жабыла баштады.

– Казинолордун ишмердүүлүгүнө мыйзам түрүндө тыюу салынганы менен жашыруун иштеп жаткандары улам ачылып калууда. Демек, толук жок болуп кетпеген окшойт?

– Ооба, жашыруун иштеп жаткандарын кармап, документтерин оңдоп, өткөрүп жаткан фактылар болду. Алардын иши жымсалданып баргандан кийин баары бир сотко өтпөйт. Эгер катуу каалоо болсо токтотом дегенди бир күндө эле токтотуп койсо болот. Финполициядан, Коррупцияга каршы күрөш агенттиги “Кылмыш жаза кодексиндеги айрым беренелер толук кандуу иштөөгө мүмкүндүк бербей жатат” дешкенинен аны да оңдоп-түзөп бергенбиз. Бирок, кармалгандарды жогору жактагы начальниктери акчасын алып кайра бошотуп жиберип жатканын көрүп, ындыны өчүп, андан көрө алардан акча жасап алышаарын ачык айтышат.

– Анда биз терең тамыр жайган коррупцияны кантип ооздуктайбыз?

– Бир жагын эле алган болбойт, системаны бүтүндөй алмаштыруу керек. Эмне үчүн адамдар чиновник болуп иштегилери келишет? Анткени, алардын айлыктары аз болгону менен эгер бир жерде бизнеси болсо, аны коргогонго жана өркүндөткөнгө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Эгер бизнеси жок болсо, чоң жерлерге орношуп бизнес ачат, аны өркүндөтөт, анткени, тааныштар, мүмкүнчүлүк бар. Ушул жакка келип иштейм дегендердин акча жасай турган булактарын бууп койсо, эч ким иштегиси келбесине кепилдик берем. Ошондо мамлекеттик маанилүү кызматтарга жалаң Кыргызстан үчүн күйүп-жанган патриоттор келет. Азыр деле таза иштеген мамлекеттик кызматкерлер бар, бирок алар жанындагыларга жакпай, интригага кабылып, кеткенге аргасыз болушат, же аларды башка жактарга жылдырып коюшат. Андыктан, системаны өзгөртүү керек. Коррупцияны жоюу боюнча даяр рецептер бар, мисалы, Батыш өлкөлөрү же Сингапурдун мисалдары менен кетсек, бир жыйынтык чыкмак. Бирок азыр муз ордунан козголуп, иштер башталбадыбы. Жакшы болот деп ишенем. Мурда кылмыш жасагандардын мөөнөтү өтүп кетсе, иши жабылып калчу, азыр аны мөөнөтсүз кылып салган мыйзамдын кабыл алынганы жакшы болду. “Кумтөр”, башка көп иштер боюнча жоопкерлер кылмыш иштеринен кутулуп кетишти, азыр эми канча жыл өтсө да кылмыш жасагандар кутула алышпайт, качан болсо аларга кылмыш ишин козгой берсе болот.

– Сиз мүчө болгон партия кийинки шайлоодо келет деп ойлойсузбу же башка партиялар менен биригеби?

– Моюнга алсак, кадыр-баркы төмөндөп кетти. Тигил министрди көрсөтүүдө, бул министрди шайлоодо элге көп уят болдук окшойт. Эл арасында да ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Башында жакшы эле келген, кийин ишеним кетип бараткандай. Кандай болоорубузду айта албайм.

– Сиз көбүнчө депутаттык төш белгиңизди тагынбайсыз. Себеби эмнеде?

– Расмий иш-чараларга тагынам. Мен саясатка келе элек учурда депутаттарды элитанын жүзү деп ойлочумун. Укмуштарды парламенттен көрдүм. Эл тарабынан эң көп сын-пикир айтылганы – парламент. Мурдагылардай сыймыктануу менен “мен депутатмын” деп жүрө албайсың. Эл аралап чыкканда кээ бир жерде жакшы кабыл алышат, кээ бирде “ууру-кескилер чогулуп алган, жеп-ичкичтер отурушат” деп шыбырашып кеп кылышат. Өз машинамды шопуру жок өзүм эле айдап жүрөм, расмий жолугушуулар болбосо, KG номурду деле такпайм.