парламент1

Жогорку Кеңештин депутаттары  Эльмира Жумалиева, Майрамкүл Тиленчиева, Гүлнара Жамгырчиева жана Уланбек Нуркулов  КР Саламаттыкты сактоо министрилигине караштуу Улуттук госпиталга жана Бишкектеги Кардиология жана терапия Улуттук борборуна барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар Улуттук госпиталдын гемодиализ, нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрүнүн, Кардиология жана терапия Улуттук борборунун интенсивдүү терапия бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Парламентчилер гемодиализ-аппараттары жана алардын керектөөчү материалдары менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту. «Бизге гемодиализ-аппараттары жетишпей жатат деп жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түшөт, ошого байланыштуу ушул маселе менен жеринен таанышуу боюнча чечим кабыла лынган», – деп баса белгиледи Э.Жумалиева.

Улуттук госпиталдын нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрүнүн имараттарына капиталдык ремонт жүргүзүү зарылдыгы, андан тышкары керектүү эмеректер, медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Улуттук госпиталдын көйгөйлөрү менен депутаттарды анын башкы дарыгери Динара Сагинбаева тааныштырды.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет деп белгилешти.