Депутат К.Осмоналиев: “Биздин негизги максат балдардын окуусуна жана алардын татыктуу тарбияланышына сапаттуу шарттарды түзүп берүү”
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей бүгүн, 25-ноябрда Билим берүү, илим маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында билим берүү жаатындагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.
Бишкек шаарынын “Келечек” жаңы конушундагы №87 орто мектепте өткөн көчмө жыйында “Эл аралык толеранттуулук үчүн фонд” бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган “Мен эңсеген бакыт” аттуу сценка көрсөтүлүп, миграция көйгөйү, андан келип чыккан кесепеттер, мугалимдердин айлыгынын аздыгы, мектептердеги китеп жетишсиздиги сындуу көйгөйлөр мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин, билим берүү жаатына тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды.
Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев балдарды окутуу, тарбиялоо маселелери дайыма актуалдуу болуп келгендигин жана ошол бойдон калып жатканына токтолуп, жалпы коомчулуктун көйгөлөрүнө айланган – миграциялык процесстер, коомдун дөөлөттөрүнүн төмөндөшү балдардын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. “Мамлекет өсүп келе жаткан муундун татыктуу билим, тарбия алуусуна шарттарды түзүүгө тийиш” деген депутат бүгүнкү күндөгү кадр маселелери, мугалимдердин эмгек акыларынын төмөндүгү, окуу китептеринин жетишсиздиги, айылдык жана шаардык мектептердин окуучуларынын базалык билиминдеги айырма, мектеп рэкетчилиги, миграция көйгөйлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандын келечегинин татаал абалда тургандыгына башкы себептер катары тизмектеди.
Мындай билдирүү менен кошо эл өкүлү 2014-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан “2014-2018-жылдары Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча” мамлекеттик программа бекитилгендигин баса белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун бирден бир маанилүү жагы ювеналдык юстиция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет төрагасы К.Осмоналиев КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө” концепция иштелип чыкканын айтып, бирок ал концепция ушул убакка чейин бекитилбей келе жатканын сынга алды. “Биздин негизги максат – балдардын окуусуна жана алардын татыктуу тарбияланышына сапаттуу шарттарды түзүп берүү” дейт К.Осмоналиев өз сөзүндө.


Комментарий кошуу