Электр-124-октябрда, Президент Алмазбек Атамбаев “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда компания Жамбыл ГРЭСине 330 млн. метр куб газды Кыргызстан үчүн бермекчи болуп жатканы, ал өз кезегинде Казакстандан алынуучу электр энергиясынын өздүк наркын кыйла төмөндөтөөрү белгилүү болду. Бул сүйлөшүүдөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев кошуна өлкөдөн кошумча электр кубатын жеткирүү жолдорун тактоо боюнча тапшырма берди.

Энергетикага жаңыча мамиле зарыл

“Түркия менен Белоруссияда газ да, мунай да жоктугуна карабастан электр энергиясы менен ар дайым камсыз”,-деди Президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин IV жыйынында.

Кыргызстанда энергетикага жаңы мамиле зарыл. “Кымбат болсо болсун, бирок жарык өчпөшү керек”,-деп кошумчалады А.Атамбаев.

Атай Алтымышев