Иордания “Ислам мамлекети” тобу менен камактагы “ал-каидачыны” өз учкучуна алмаштырууга даярдыгын бүгүн кайрадан ырастады. Мунун алдында “Ислам мамлекети” тобу барымтадагы экинчи жапондун башы алынганын жарыялаган эле. Бул окуя Жапонияда өлкө жарандары четте коркунучка кабылса, армия куткаруу ишине катышуусу керекпи деген маселе боюнча талкууларды жаратты.

"ИМ" тобу жапон өкмөтүнө алгачкы эскертүү менен чыккан  видеодон алынган сүрөт. 20-январь, 2015-жыл.

“ИМ” тобу жапон өкмөтүнө алгачкы эскертүү менен чыккан видеодон алынган сүрөт. 20-январь, 2015-жыл.

Жапон жарандарынын өмүрү четте коркунучка кабылса аларды куткарууга армияны аралаштыруунун укуктук ченемдерин кароо зарылдыгын жапон премьери Синзо Абэ билдирип чыкты:

Азыр эгер Жапониянын жараны же бейөкмөт уюмдардан кимдир бирөө коркунучта калса, албетте алар жүргөн өлкөнүн уруксаты талап кылынат. Бирок аларды алып кетүүгө гана болот, куткаруу мүмкүн эмес. Мен куткаруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап баштагым келет.

Абэ дүйшөмбүдө парламент комитетинин жыйынында белгилегендей, өкмөт Конституцияга Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин киргизилген чектөө жоюлушун көздөйт.

Конституцияда жапон аскерлери өлкөдөн сырткаркы аймактардагы аскерий операцияларга катышуусуна тыюу салынган.

Айрымдар жапон күчтөрүнүн өлкөдөн тыш аймакта жарандарды куткаруу боюнча операция өткөрүү кубатынан күмөн санашкан менен өкмөттүн аскерий саясатка акыркы алтымыш жылда эң ири өзгөрүү киргизүүчү чарасы – “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери эки жапон жаранынын өмүрүн катары менен кыйгандан кийин көрүлүүдө.

“Ислам мамлекети” тобу алардын туткунундагы жапон журналистиКэндзи Готонун башы алынганын күбөлөндүргөн видеону интернетте жарыялаган соң премьер министри Синзо Абэ:

– Бул адилетсиз жана коркоктук менен ишке ашырылган террордук акт. Биздин кыжырыбыз кайнап турат, биз террорчуларды кечирбейбиз. Жапония террорго каршы күрөштөн да баш тартпайт.

Жапония Жакынкы Чыгыштын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүп жаткан мамлекеттерине буга чейин гуманитардык жардам көргөзүп келген болчу. Премьер Абэ андай жардам эми кеңейтилерин да убада кылды.

“Ислам мамлекети” тобу эгер 200 миллион доллар кун төлөнбөсө, алардын туткунундагы эки жапон жаранынын өмүрү кыйыларын алгач 20-январда, премьер Синзо Абэнин Жакынкы Чыгышка сапарына тушташ жарыялашкан.

Анда жапон бийлиги үчүн 72 саат убакыт берилип, “Ислам мамлекети” тобу эмне үчүн кунду 200 миллион доллар деп бычканынын себеби да түшүндүрүлгөн. Бул жапон өкмөтү аларга каршы күрөшкө бөлгөн акчанын көлөмүнө барабар сумма.

Жапон өкмөтү кун төлөөдөн баш тарткандан бир аптача мурда ИМ тобу аларга былтыр августа колго түшкөн Харуна Юкава ысымдуу жапондун башы алынганын күбөлөндүргөн видеону таратышкан.

Туткундарды алмашуу демилгеси

Журналист Кэндзи Готонун жапон телесинен көргөзүлгөн сүрөтү. 25-январь, 2015-жыл.Журналист Кэндзи Готонун жапон телесинен көргөзүлгөн сүрөтү. 25-январь, 2015-жыл.

Африка, Ооганстан, Жакынкы Чыгыштагы согуштарды чагылдырып иштеген журналистКэндзи Гото “Ислам мамлекети” тобунун туткунунда былтыр октябрдан бери олтурган.

Жапон тарап Готону бошотуу үчүн Иорданиянын өкмөтү менен тыгыз иштешип жатканын билдирген эле.

Анткени иордан учкучу менен бирге жапон журналисттин да Иорданияда өлүм жазасына кесилген ирактык “ал-каидачы” Сажида ал-Ришавиге алмаштыруу жөнүндө сунуштар болгон.

ИМ тобу ал-Ришавини 29-январга чейин бошотууну талап кылган. Бирок ИМ тобу иордан учкучтун аман-эсендигин далилдеген видео көргөзүшкөн эмес.

Сажида ал-Ришави жана Муат ал-КасеасбехСажида ал-Ришави жана Муат ал-Касеасбех

Эми жапон журналисттин өмүрү кыйылгандан кийин Иорданиянын өкмөтү камактагы “ал-каидачыны” учкуч Муат Касеасбехке алмаштырууга даярдыгын бүгүн да ырастады. Ал эми учкучтун атасы Сафи ал-Касеасбех Амман шаарындагы басма сөз жыйында буларга токтолду:

– Учкуч Касаесбехти коргоо комитети Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна кайрылып, Кудайдын жана пайгамбарыбыздын атынан динибиз жана дилибиздин бир экенин эске алып, биздин уулубуздун өмүрүн сактоону, ага кечирим берип, бошотууга чакырды.

Иордания -“Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларына араб дүйнөсүнөн катышкан өлкөлөрдүн бири.

Иордан учкучу былтыр декабрда Сирияда, учагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакта кыйраган кезде колго түшкөн.

Жапон жарандарына чейин “Ислам мамлекети” тобу алар туткундаган үч америкалыктын, эки британиялыктын башы алынганын күбөлөндүргөн видеону интернет аркылуу таратышкан.