“Эркин Тоонун” журналисти, акын К.Бакиров Түрксойдун сыйлыгына ээ болду
ТҮРКСОЙ Баш катчылыгынын комиссиясы түрк тилдүү өлкөлөр боюнча берилчү ТҮРКСОЙ басма сөз сыйлыгын ыйгаруу чечимин кабыл алды, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев. – 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгына Кыргызстандан 3 киши татыктуу болду.
Алар – «Эркин Тоо» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Карбалас Бакиров, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телережиссеру Айнура Алдашева жана «Азаттык» радиосунун маданий берүүлөр боюнча кызматкери Зайырбек Ажыматов.
Сыйлык тапшыруу аземи 24-февраль күнү Анкара шаарында өтөт.
ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгына мурунку жылдары Тынчтыкбек Чоротегин, Түгөлбай Казаков жана башкалар ээ болушкан.
Комментарий кошуу