жалынга2 жалынга1

жалынга

Өрт өчүрүү кызматынын бүгүнкү абалы менен жакындан таанышуу максатында борборубуздагы Свердлов районуна караштуу №3 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмдө бир күндүк нөөмөттө болдум. 13-февраль. Эртең мененки саат 08.30.

Кароол алмашуу

Өрт өчүрүү кызматы аскердик тартипте иш алпарат. 14 кишиден турган өрт өчүрүүчү 4 команда кезектешет. Бул күнү кароол башчы Данияр Кобоевдин командасы нөөмөткө келди. 12-февралда иштеген топ менен маңдай-тескей катарга тизилишти. Свердлов райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы подполковник Мадимар Мамбетов менен аскерлерче саламдашуу салты сакталды. Кароол башчы рапорт берди. Бир күндүк иш-план белгиленди. Өрт өчүрүүчү атайын автоунааларды, шаймандарды кабыл алуу жүргүзүлдү.

Өздүк курамдын күн тартиби

Нөөмөткө келген команда үчүн бир күндүк күн тартиби белгиленген. Тревога жарыяланганга чейин ошол ырааттама боюнча иштешет. Өрт өчүрүүнүн ыкчам пландары жана карточкалары менен таанышып, кошумча көнүгүүлөр менен машыгышат. Бөлүмдө жалпысынан 63 киши иштесе алардын 9у офицерлер.

Бирдиктүү диспетчердик кызмат

Өрт кырсыгы чалганда алгачкы телефон чалуулар улук диспетчер, майор Максат Бөрүбаева жетектеген бөлүмгө келип түшөт. Бул жерде улук сержант Айжан Орозбаева жана катардагы жоокер Анарбай кызы Гүлнура үчөө 24 саат бою иштешет. Республика боюнча бардык маалыматтар ушул жерге келип түшөт. Саат 10.09. Ново-Павловка айылындагы Фрунзе көчөсү, 150 дарегиндеги “Ислам” дүкөнүнөн өрт чыкканы кабарланды. Ага Садыгалиев көчөсүндөгү №6 бөлүмдүн өрт өчүрүүчүлөрү жиберилди. Алар 10.20да (11) мүнөттө жетип, 11.55те өрттү толугу менен өчүрүштү. 200 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроо учурунда эреже бузулгандыгы себеп. Өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөндөн баштап дал ушул кыздар такай байланышта. Кайсы убакытта жетишти? Кошумча жардам керекпи? Баары байланышта, айтылып, катталып турат.

Райондук бөлүмдүн башчысынын орун басары, капитан Нурлан Токсонбаев:

“Күжүрмөн даярдыкта турабыз”

Нурлан мырза өрт өчүрүүчүлөрдүн даярдыктары, техникалар, окуу-машыгуу иштери жөнүндө түшүндүрүп берди. Мисалы, бир автоунаа-экипаж 6 кишиден турат. Алтоонун тең өздөрүнүн милдеттери бөлүштүрүлгөн. Тийиштүү шаймандар менен жабдылган. Бөлүктө 6 машина болсо, төртөө кызматта, эки унаа ремонтто.

Биринчи тревога:

Жети мүнөттө жетип бардык

Кароол башчы, лейтенант Данияр Кобоев өзүнүн милдеттери жөнүндө мага түшүндүрүп жатканда тревога жарыяланды: Саат 13.44. Өрт чыккан жердин дареги: “Чыгыш – 5” кичирайону, Чүй проспекти 111. Шашылып өрт чыккан жерге жөнөдүк. Айдоочу, прапорщик Аблес Кенжебаев, кароол башчы Данияр Кобоев, команда башчысы, прапорщик Аизбек Кыдыралиев, улук өрт өчүрүүчү, улук сержант Нурбек Токтоналиев, өрт өчүрүүчү, улук сержант Медербек Беккожоев, өрт өчүрүүчү, катардагы жоокер Талгат Бектенов алтоо олтурду. Жетинчи болуп мен жармаштым. Жолдо баратып эмне күйүп жатканы, дареги дагы бир жолу такталды. 7 мүнөттө жетип бардык. Осмонкул көчөсү тыгын болгондуктан Сүйүмбаев көчөсү менен айланып чыктык. Үйдүн жертөлөсүндөгү буюмдар күйүп, эки үй туташкан жерден көк түтүн буркурап, биринчи кабаттагы китепканага түтүн жете баштаган экен. Жертөлөнүн эшиги ачылбай бузуп киришти. Суу чачылды. Саат 13.59. Өрт толугу менен өчүрүлдү. Ага чейин үйдү электр энергиясынан ажыратуу үчүн ачкыч таппай убара тартышты. Өрт өчүрүлгөн соң гана “Түндүкэлектр” ишканасынын балдары келишти. Дароо акт түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби такталды. Электр жабдууларын куроодо эреже бузулганы айкын болду. Саат 15.05. Бөлүмгө кайтып келдик.

Кайра кайтканда эрежеге ылайык, жакын жердеги гидранттан (жолдордогу суу алчу жер) автоунааны сууга толтуруп, бул жерде гидрант бар деген”пг” белгини дубал бетине, электр мамычасына кызыл боек менен аралыгы канча метр экендигин көрсөтүп жазып коюу – өрт өчүрүүчүлөрдүн милдети, салты. Себеби, ошол эле жерден башка бир дарек боюнча чакыруу түшүп калышы мүмкүн.

“Дагы суусуз келишти”

Өрт өчүрүүчүлөр жөнүндө эл арасында ар кандай сын-пикирлер айтылып жүрөт. Көбүнчө суусу жок келди деген ойдо болушат. Мисалы, мен өзүм олтуруп барган автоунаа АЦ- 4-40 4 тонна суу батат. Сууну басым менен чачканда секундасына 40 литр чачылат. Демек, 4 тонна суу 10 мүнөткө жетип-жетпей түгөнөт. Жакын жерде гидрант болбосо, жалгыз автоунаа келсе кайра суу толтуруп келүү керек. Мурдагы эски автоунааларда 2 эле тонна суу болот.

Бүгүнкү өрт өчүрүүчү жоокер ким?

Аскердик тартип болгондон кийин аскерге жарактуу жаштар иштей алат. Кыргызстанда КГУСТА гана өрт өчүрүүчү адистерди даярдайт. Айрым жаштар Россияда билим алып жатышат. Аскердик наам катардагы жоокерден тартып, ефрейтордон улук прапорщикке чейин берилет. Аскердик наам үчүн да эмгек акыга тийиштүү сумма кошулат. Орточо айлыктары 10-11миң сом. Пенсияга чыккандар пенсиянын 50%ын алышат. Бир күндүк тамак-аш үчүн 84 сом каралган. Айлыкка кошуп берилет да, 2500-2600 сомду түзөт. Көп жылдык эмгек стажы, чеберчилигине, зыяндуулукка баарын кошкондо ушул сумма келип чыгат. Эмгек стажы – 1 жылы 1.5 жылга эсептелет. 20 жыл иштеп пенсияга чыга берсең болот.

Айтканга оңой болгону менен өрт өчүрүүчү жоокердин түйшүгү оор. Кээ күндөрү 24 саат бою уктабай чыккан күндөр болот. Нөөмөткө келген 14 бала күндүз 2 сааттан, түнкүсүн 1 сааттан нарядга турушат. Тамакты кезектешип даярдашат. Тамак-ашка берилген акчаны айлыкка кошуп алышкандыктан, нарядга келгенде ортодон акча чыгарышат. Жууп-тазалоо иштерин да өздөрү аткарышат.

Саат 23төн баштап түнкү эс алуу башталат. Бирок тревога чыкса, дароо жөнөшөт. Мен ошол казармада жатып, балдардын бул тартипке көнүп калгандарына күбө болдум. “Наряд”, ”наряд” дешкенде эле туруп жөнөп калышат. Бир сааттан турушат. Эртең менен 06.20да туруп дене тарбия машыгуулары башталат.

Жалынга төшүн тоскондор

Аты айтып тургандай эле өрт өчүрүүчү болуу оңой эмес. Жалынга төшүн тосуп, өз өмүрлөрүн тобокелге салышат. Эң эле оор, эсте калган окуялар жөнүндө сураганымда 2005 жана 2010-жылкы окуяларды эскеришти. Жашоо шарттары мыкты деп айталбайм. Кийимдери Өкмөт тарабынан берилет. Жууркан-төшөнчүлөрүн өздөрү алып келишет. Намазкана бар.Жуунуучу атайын бөлмө жок. Бир “Аристон” коюлган бөлмөдө баары кезектешип жуунат. Дааратканасы да бирөө.

Мен туш болгон бөлүм Бишкектеги шарты эң мыкты бөлүм катары эсептелет. Шаардагы айрым бөлүмдөрдө шарттары мындан да начар экендигин балдар жашырышпады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоокерлердин жашоо шарттарын билишпейби?

Кайрадан кароол алмашуу

14-февраль. Эртең мененки саат 08.30. Кароол алмашуу болуп, нөөмөткө жаңы команда келди. Республика боюнча өрт өчүрүү кызматында 13 чыгуу катталды. Өрт кырсыгы – 9, куткаруу кызматы – 4. Бишкекте 3 өрт кырсыгы катталып, убагында өчүрүлдү. 101 кызматына өрттөн башка маселелер боюнча деле кайрылуулар көп болооруна ишендим. Эшиги жабылып калганы, башка кызматтардын телефондорун сурап кайрылгандар да көп. Нөөмөттөгүлөр баарына жардам берүүгө даяр. Анткени алардын кесиби – куткаруучу.

Даярдаган Асан Жунусов, сүрөттөрү автордуку