Көрүнүктүү ишмер С.Ибраимов, КР Баатырлыгына татыктуу инсан
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов мезгилинде республиканын суу чарба министринен тартып, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалык кызматтарын татыктуу аркалаган. 1980-жылы 3-декабрда канкордун колунан каза тапкан. Ал болгону бул жалганга 53 жыл гана өмүр сүрдү. Эми анын элине сиңирген эмгегин Парламент көтөрүп чыгып, “КР Баатырдыгына” көрсөтүп жатат.
Республикабыз агрардык өлкө эмеспи. Айыл чарба тармагы Султан Ибраимовго алаканга салгандай дайын. Чүй өрөөнүндө жүгөрүнүн данын көбөйтүү маселесин көтөрүп чыкты. Анын натыйжасында түшүмдүүлүк 54 центнерден айланган. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын негизги ниети республикабызда эгиндин жыйымын эки миллионго жеткирүү болгон. Мунун чейрек бөлүгүн жүгөрү даны түзмөк. Мындай коюлган талапты ишке ашыруу көп түйшүк, мээнет, аракетти талап кылды. Тилекке каршы, айрым райондордогу көрсөткүчкө көңүл чөгөргөн. Жалпы республикалык чогулушта Султан Ибраимов сөз сүйлөп, план-тапшырмаларын орундата албагандарды эл алдында катуу айтып, тилдеп, какчу эмес. Тескерисинче, “ийгилик жараткандардан өрнөк алсаңыздар дурус болот. Тажрыйба алмашууга маани берсеңиздер. Сиздер да алдыга чыгасыздар” деп жылуу-жумшак айтып өтчү. Ошондон эле алар тиешелүү, туура жыйынтык, чечим чыгарчу. Ал эми жаш кадрларга өзгөчө мамиле жасачу. Аларга жаман сөз айтчу эмес. Анткени, алардын эртеңки күнүнөн, келечегинен көптү үмүттөнчү.
Ар кимибиздин тамак-ашка болгон табитибиз ар башка. Султан Ибраимов канаттуулардын этинен жасалган тамакты жактырчу. Ошондуктан Ошто жашаганда жароокер жары Рева Касымовна үй чарбасын колго алып, каз, өрдөк, тоок, үндүк бакчу. Кой, уй этин сатып алуу үчүн базарга анда-санда гана барбаса, көбүнчө канаттуунун этинен тамак жасачу.
Рева эженин бир тууган сиңдиси Мария эже менен жолугуп сүйлөшкөндө: “Эжем короосундагы жерди кыйын иштетчү. Канаттуулардын бардык түрүн бакчу. Мен барганда ала кет деп тооктун этин бышырып, жумуртканы чакага толтура салып берчү” деп эскергени эсимде. Бул жубайлардын жөнөкөй, карапайымдыгы ушундан көрүнүп турганын ким танат. Бир жолу тааныбаган бирөө бир койдун этин, фляг кымызды обкомдун биринчи катчысынын үйүнө калтырып кетет. Анда Рева эже мектепте, Султан Ибраимов жумушунда. Кечинде келип, жанагы алып келген ким экенин иликтеп, айдоочусуна дайындап, кайра бердирип жиберген экен. Мына, таза жетекчинин таза жүзү. Обкомдун биринчи катчысын мындай кой, райкомдун биринчи катчысы, чарбанын директорунун үйүнө койлор союлуп, тирүүсү да келген мисалдар болгон эмес дейсиздерби.
Султан Ибраимов Сары-Өзөн Чүйгө канаттуулар фабрикасын ачууну ойлоп, Өкмөттүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Эсенбек Дүйшеевди ээрчитип, Чүй суусун жээктеп, Кеминден Ивановкага чейин жөө басышкан. Анан Токмок шаарынын ары жагын ылайыктуу деп таап, ал жерге канаттуулар фабрикасын курдурган. Мунун натыйжасында ошол жердеги канча деген тургундар иш менен камсыз болгону баамга урунат.
Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы иш бөлмөсүндө көп отурганды жактырчу эмес. Мүмкүн болушунча облустар, райондорду, чарбаларды кыдырууга ынтызар болгон. Эң башкысы, эл үчүн кызмат кылган курулуш иштерди жасоого дилгир эле. Таластагы “Тай-Жорго” массивине шартынын оордугуна карабай каналдын курулушун баштаган. “Башталган иш ташталбайт” демекчи, маркум республика аймагында далай иштерди илгери үмүт менен баштаган каналдын курулушу, өмүрү кыска экен, бүтпөй калды. Бирок, демилгенин деми суубай, Таластагы канал элдин жапырт киришүүсү менен бүткөрүлдү. 1987-жылы каналдын жээгине эстелик тургузулуп, каналга Султан Ибраимовдун ысмы берилди. Азыр ушул каналды жээктеп жол жүрүп бараткандардын арасынан көрөгөч жетекчини тааныгандар атайын токтоп, эстеликке таазим этип, куран окуп, арбагынын ыраазы болушун тилешет.
Бир кезде Султан Ибраимов айткан экен: “Байлык жоголот, эмгек элде калат!” деп. Накыл кеп. Журтка насаат иретинде айтаар сөз. Анысы чын, анткени эбегейсиз эмгеги элинин эсинде калды.
Жетик жетекчи тарыхка да кызыкчу. Айрыкча кыргыз тарыхынын мектептерде атайын программа катары окутулбаганына кейичү. Жумуштан кийин үйүнө келгенде тарыхый чыгармаларды көп окучу. Айыл аралаганда, кыштак кыдырганда андагы көп жашаган кадырман карыларга жолугуп, ошол айылдын тарыхын, таржымалын кызыгып укчу. Республикабыздагы тарыхый ыйык жерлерди коргоого алып, ал жерлерге мектеп окуучуларын экскурсияга жиберчү. Кыргыздын тарыхын чагылдырган, баяндаган даректүү кино тасмаларды элге көбүрөөк көрсөтүүнү сунуштаган.
Таластагы Маймак темир жол станциясы республикабызга белгилүү. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында да Маймак жөнүндө мазмундуу кеп козголот. Талас облусуна темир жол менен келген товарлардын баары ушул станция аркылуу ташылат. Ошондуктан Жамбыл шаарына “Кыргызкерекжараксоюзунун” ири базасы жайгашкан. Жамбылдагы облустук бийликтегилер, укук коргоо жана элдик контролдоо органдары ошол базага көз артып, кожоюндук кылышкан. Союз маалында көп товарлар “дефицит” эмес беле. “База” деген түшүнүк ал кезде туу чокусуна дейре жетип, базада таанышы барлар өздөрүнчө “хан” эле. Ошол таңсык товарлардын жамбылдык туугандардан артканы гана Таласка жөнөтүлүп турган. Эгерде кокус жамбылдыктарга айткан товарларын бербесе, шоруңдун шорподой катканы дей бер. Свет өчүрүлөт биринчи эле кезекте. Суу берилбейт. Текшерүү артынан текшерүү күчөтүлүп, айлаңды кетирет. Кыргызстандын күйүүчү жана майлоочу майлары Жамбылдын мунай базасына келсе, анын чоңдору өз билгендерин жасачу. Мына ушул сыяктуу орун алып келген көнүмүш көрүнүштөр Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасына жетет. Бул маселе менен жеринде таанышуу үчүн Султан Ибраимов Маймак станциясына келет. Албетте, кыраакы жетекчинин иш-ыкмасы башкача эле. Адегенде ал жердеги жергиликтүү тургундар менен иликтөө жүргүзүп, кадырын кетиргиси келбеди. Иштин жөн-жайы менен таанышып, эртеси Казакстандын Өкмөтүнө телефон аркылуу байланышка чыкты. Эки Өкмөт башчы кыйлага сүйлөштү. Бул маселени чукул арада калыс чечип, тийиштүү өкмөттүк деңгээлде чара көрөрүн Казакстандын Өкмөт башчысы билдирди.
Султан Ибраимов Кыргыз Өкмөтүн башкарып турганда кызык көп окуялардын күбөсү болду. Бир райондук партиянын биринчи катчысы чакырып, ал-жай сурашкандан кийин райондогу жакшы көрсөткүчтөр өңүтүндө айтып жатканда райкомдун биринчи катчысы муюп, башын ийкеп отурган. Анан райондогу кетирилип жаткан кемчиликтер туурасында кеп баштаганда, укмаксан болуп “эмнени айттыңыз?” деп сураганда мыйыгынан жылмайып, “Бу сиздин ийгиликтерди кунт коюп угуп, кемчиликтерди айтканда керең болуп калганыңыз кызык экен” деген экен тамаша-чыны аралаш.
Ал Өкмөттүн аппаратындагы жыйырма беш бөлүмдүн иши менен күндө таанышып, эртеси өзүнүн көз карашын билдирип, туура багыт, көрсөтмөлөрдү берген. Совминдин токтому президиумда каралгандан эки-үч күндөн кийин шаар, райондорду кыдырмай адаты болгон. Бул берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде жүзөгө ашып жатканын көзөмөлгө алуу ыкмасы эле. Кээде олтурганда “жаш кадрлар бала сыяктуу, аларды бакырып эмес, акырын тарбиялаш керек” деп көп айтчу. Акылман адам да. Ошондо ооздон чыккан сөздөрүн ошол замат кагазга түшүргөн бирөө болгондо, эл бийик баалаган нускалуу сөздүк жыйнагын жаратмак.
Атаганат ушундай көрөгөч адамыбыздан эрте ажырап калганы кыргыз кайгы кайгырган маалында. Мафия, коррупция деген сөздөрдү ал кезде эч кимдин кулагы чалчу эмес. Бирин-серин көрүнүштөргө бөгөт коюп, талапты күчөткөн Өкмөт башчысы Ошто жүргөндө да тамеки продукциясын кошуна республикаларга саткан шылуундарды көргөн. Бирок, андайлар тиешелүү жазасын алышкан.
Кадыр КАЛИЛОВ, журналист




Комментарий кошуу