коргозмо1коргозмо3коргозмо5коргозмо4

Жашы 80ге чамалап калган Тотукан Өскөнбаева 50 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал өзү жашаган Жалал-Абад шаарында эне мурасын сактоо максатында учурда кыздарды окутуп келет.

Анын айтымында, эң башкы максаты – өз билгенин мурас кылып калтыруу. “Эгерде мен үйрөткөн кыздар билгендерин кайра улантып кетсе, ошол мен үчүн чоң сыймык”,– дейт Тотукан Өскөнбаева.

Ошону менен бирге ал бир катар долбоорлорду жазып, чет мамлекеттерге чыгып, кыргыздын унутулуп бара жаткан буюмдарын жаңыртып, көргөзмөлөргө коюп келет.
Булак: super.kg