Президент
Бүгүн, 2014-жылдын 27-октябрында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги IV жыйыны өткөрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү бекиткен күн тартибине ылайык, жыйында төмөндөгү маселелер каралат:

1. “Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” маселеси боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечиминин аткарылышы тууралуу. Баяндамачылар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.

2. 2013-2017-жылдары  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылышы тууралуу маалымат. Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна  абдан маанилүү маселелер коюлгандыгын баса белгиледи. “Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелиндеги жыйында биз шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча маанилүү маселени эки күн бою караган элек. Улуттук кеңештин мүчөлөрү курч талаш-тартыштын жүрүшүндө 2015-жылы шайлоолордо пайдалануу үчүн биометрикалык маалыматтарды жыйноону техникалык  жактан камсыз кылуу боюнча өлкөнүн Өкмөтүнүн дарегине катуу сын айтышкан.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жагдайды оңдоо боюнча кыска мөөнөт берилгендигин, эми ушул мезгилдин аралыгында аткарылган иштер туурасында Улуттук кеңештин мүчөлөрү уга турган учур келгендигин белгиледи.

“Шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүү үчүн  2015-жылдын бюджетине жетиштүү финансылык каражаттар каралганбы? Бүгүн биз шайлоолор жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө эмне тоскоол болуп жаткандыгын талкуулап, кайсы жерде кайчы пикирлер бар экендигин түшүнүп алышыбыз керек. Биз 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго бир жыл калганга чейин шайлоолор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү аяктайбыз деп пландаштырган элек. Бул маселени кечеңдетүүгө болбойт. Шайлоолордогу эрежелер алдын ала белгилүү болгону жакшы. Коом, саясый партиялар шайлоолор өткөрүлө турган туруктуу эрежелердин кабыл алынышын күтүп жатат”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө күн тартибине коюлган маселелерди кароого терең маани берип, конструктивдүү мамиле жасоого чакырды.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны улантылууда.