Авазов1-

Бүгүн, 4-февраль Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” аймактык башкаруусунда шаардык мэр Салайдин Авазов, кварталдык комитет жана кондоминиум төрагалары, тургундардын катышуусунда жыйын болду. Анда аталган аймактык башкаруунун жетекчисинин жана аймактык тескөөчүлөрдүн өткөн жылдагы аткарган иштеринин отчёттору тапшырылды.

“Курманбек” аймактык башкаруусу боюнча 25 150 калк жашайт. 10 кварталдык комитет, 13 кондоминиум иштеп, 4050 жер үй жана 30 көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Ошондой эле 5 мектеп, 7 бала бакча, бир жогорку окуу жайы, 9 мечит, 4 медициналык мекеме, 22 мекеме уюмдар, 1 ГОМ, 1почта бөлүмү жана 1 аксакалдар соту жайгашкан.

Аталган башкаруунун 2014-жылда жасалган жумуштары алдына коюлган перспективдүү пландардын негизинде, шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилиги астында иш пландар түзүлүп, ошонун негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Электр энергия, суу, жылуулук, газ жана таштандыларды ташып чыгууга болгон карыздарды өндүрүүдө иш алып барылууда. Ошондой эле эл арасында таралуучу ооруларды болтурбоо максатында жергиликтүү эмканалар менен биргеликте оорунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө,-деп билдирди аймакты башкаруунун жетекчиси Шухрат Бурканов өзүнүн отчётунда.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер, тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, ошондой эле электр энергиясы боюнча да сөз козголду.

Мейманбу АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу