Доллардын баасы көтөрүлүүдө
Борбордун акча алмаштыруучу жайларында эртең мененки долларга болгон баа 60,80 сомду (сатып алуу) жана 61,00 сомду (сатуу) түздү. Мурда 2015-жылдын 15-январында Бишкекте доллардын базарлык баасы 60,70 сомду түзүп, тарыхый чоң баага жеткен. Ал эми Улуттук банкта доллардын баасы 60,0298 сомду түзөт. 2015-жылдын башынан бери доллар дээрлик 2 сомго кымбаттады.
Даярдаган Айнура Шайкеева
Комментарий кошуу