жихад1

Бүгүн, 18-февраль Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында “Диний экстремизмди алдын алуу” боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынды шаардык жаштар борбору менен шаардык мэрия биргеликте уюштуруп, облустук мусулмандар казыятынын имамдары, шаардык эмгек миграция бөлүмүнүн башчысы Зияда Кошматова жана студенттер, шаар тургундары катышышты.

Анда Сирияга кеткендер, эмне болуп, кандай жолдор менен кетип жатышканы тууралуу видео ролик көрсөтүлдү. Ошондой эле бир туугандарынын ошол жакта болуп алардын чакыруусу менен  кетип калгандар, кыз келиндердин алданып, окууга, жумуш бар дегендерге азгырылып  кетип эле Сирияга туш болуп жаткандары, акыркы маалыматтар боюнча Сирияга кеткендердин саны 200дөн ашканы айтылды. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу керектиги, түшүндүрүү иштери жер жерлерде, жогорку окуу жайларда өткөрүлөөрү жыйындын жүрүшүндө айтылды.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу