Айтматовдун китеби1

КР УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин  “Манас” менен Айтматов – менин чыгармачылык канатым” жана “Айтматов жөнүндө күндөлүктөн” деген китептери жарык көрдү.

Автордун макалаларында жана маектеринде көркөм  мурастар – “Манас” эпосунун үчилтигинин, фольклор, акындар поэзиясынын, профессионал адабияттын, жалпы эле гуманитардык  багытындагы проблемалар каралган. Ошондой эле эки китепте тең дүйнөлүк жазуучу, гуманист Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн, чыгармачылыгынын, жашоосунун, турмуш-тиричилигинин белгисиз жактары чагылдырылган. Академик А.Акматалиев улуу жазуучунун айкөлдүгүнө, жөнөкөйлүгүнө, карапайымдыгына, кеңпейилдигине жана башка, адамдын эң жакшы сапаттарына баа берип суктануу менен жазган. Китеп жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына, адабиятка кызыккандарга  жана жалпы эле окурмандарга арналат.