Зулпукаров123

 Аманкул Зулпукаров 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен экономика адистиги боюнча жогорку билим алып, 1969-1994-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика тармагында жөнөкөй экономисттен, областтык статистика башкармасынын башчысы, Республикалык статистикалык комитетинин башчысынын биринчи орун басары жана башчысы болуп эмгектенген. Экономика тармагында бир топ илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий макалалардын автору.

-Экономиканы жолго коюудагы негизги  факторлор?

 -2015 жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп Президенттин жарлыгы менен жарыяланды. Мына Президенттин бул чечими туура жана колдоого татыктуу, себеби экономика өнүкмөйүнчө мамлекетибиздин саясий экономикалык абалы, жалпы эле элибиздин жашоо деңгээли эч убакта жогорулабайт. Качан гана экономикада жогору жылыштар боло баштаганда жумуш орундары түзүлүп, четке кетип жаткан эмгек ресурстарыбыздын сырткы миграциясы токтоло баштайт. Дүйнөлүк рынокко чыгара турган, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган товарлар чыгарыла баштайт. Бул үчүн эмне кылышыбыз керек? Улуттук экономиканы чыңдоо үчүн жалпы экономиканын төмөнкү ресурстарын же болбосо негизги факторлорун туура жана өз деңгээлинде толук пайдаланышыбыз керек. Алар: 1. Жер жана табигий ресурстар; 2. Адам ресурстары; 3. Капитал (акча каражаттары жана негизги фондулар); 4. Илим жана жаңы технологиялар; 5. Ишкердүүлүк же адамдын жөндөмдүүлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн 5 ресурстарды өз деңгээлинде, толук пайдаланганда гана экономикада жылыштар болот.

-Республикабызда бул ресурстар кандай пайдаланып жатат?

 -Алып айтсак, жер жана табигий ресурстар өтө төмөнкү деңгээлде пайдаланылат. Айдоо аянттар, жайыттар толук пайдаланылбайт, суу баскан көп аянттар кысыр калып жатат; экономиканын өнүгүүсүнө Адам ресурстарынын 30-40 пайызы гана пайдаланылат, ал эми 1 миллионго жакын эмгек ресурстары республикадан сырткары башка мамлекеттин экономикасына иштеп жатышат. Капиталдын көпчүлүк бөлүгүн сырттан келген акча каражаттары өз максатында пайдаланылбайт. Эл чарбасындагы негизги фондулардын кайрымдуулугу өтө төмөн, мамлекет тарабынан илимге жеткиликтүү көңүл бурулбайт. Жаңы техника, технологиялар жеткиликтүү пайдаланылбайт. Жүздөгөн завод, фабрикалар таланып, тонолуп иштебей турат. Ишкердүүлүк соода сатыкта, кызмат көрсөтүүдө өнүккөн, ал эми дүйнөлүк стандартка жооп бере турган товарларды чыгаруу дээрлик жокко эсе.

 –Эмнеден баштоо керек?

 –Улуттук экономиканы чыңдоону эмнеден баштоо керек: биринчиден, темирдей тартипти киргизип, коррупциянын деңгээлин кескин төмөндөтүү зарыл. Экинчиден, көмүскө экономиканы жарыкка чыгаруу. Үчүнчүдөн, экономиканын реалдуу секторун кескин көтөрүүдөн баштоо керек. Ал үчүн токтоп калган ири завод, фабрикаларды калыбына келтирүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартып, пайдалануу менен дүйнөлүк стандартка жооп бере турган товарлардын түрлөрүн чыгаруу керек. Төртүнчүдөн, бюджеттеги ыксыз чыгымдарды кескин азайтуу керек, ал үчүн башкаруу системасын түп тамыры менен өзгөртүү, министерство ведомствонун, ар кандай агентстволордун санын кыскартып, Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 35-40ка түшүрүп, Президенттин аппараты менен Өкмөттүн аппаратын бириктирип, күчтүү Президенттик башкарууга өтүү зарыл. Бешинчиден, аймактык башкаруунун милдетин, ролун, жоопкерчилигин кескин жогорулатып, айыл өкмөттүн, райондук администрациянын башчыларына иш билген тажрыйбалуу кадрларды депутаттардын катышуусуз жогорку органдар аркылуу кызматка коюу зарыл. Азыркы учурда көпчүлүк айыл өкмөттүн башчыларына тажрыйбасы жок, билимсиз, бирок акчанын күчү менен кызматка өткөн кадрлар иштеп жатат. Облустук бийликтин ролун, укугун, милдетин жана жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. Ушундай иш чараларды аткарганда гана Президенттин «2015 жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деген сунушун кандайдыр бир деңгээлде аткарган болобуз.

Даярдаган Мейманбу АКЖОЛОВА