Жаӊы жылдык балдар балатысы Жогорку Сотто
2014-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жаӊы жылдык балдар балатысы өттү.
Жаӊы жылдык майрам Аяз ата менен Аяз кыздын, Жез кемпир жана башка жомок каармандарынын катышуусунда өтүп, алар бөбөктөргө ыр, күлкү, унутулгус маанай тартуулашты.
Балаты майрамына келген бөбөктөргө жаӊы жылдык көрсөтүү болуп, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.
Ал эми иш-чаранын соӊунда ар бир бөбөккө таттуу белектер тапшырылды.
Жаӊы жылдык майрамга Жогорку Соттун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин балдары катышышты.
Балдар балатысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун профсоюздук комитети тарабынан уюштурулду деп билдирет Жогорку Соттун басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу