тагаев1

Баткен ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ашим Тагаев 2014-жылдын 24-декабрь күнү Кадамжай районунда болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл округ башчылары, Кадамжай РИИБнун өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү. Кадамжай району 13 айыл округу жана 2 шаары бар, 30дан ашуун  көп улуттуу район. Калкынын саны 1074 миңден ашуун.  Жолугушууда Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров: «Милиция кызматкерлерин биз ар дайым колдоп келебиз, райондо жайгашкан ар бир мектептерге жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору үчүн мектеп кааналарын уюштуруп берип жатабыз. Алардын ар бирин компьютерлер менен камсыздайбыз деген ойдобуз» деп өз оюн айтып кетти.

Жыйынга чогулган жетекчилер Ашим Тагаевке ар кандай сунуштарын, ойлорун, бүгүнкү күндө иштеп жаткан милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, жаңыдан дайындалган Баткен ОИИБнын жетекчисинин иштерине ийгиликтерди каалашты.

Ашим Гапаров: Кадамжай району Баткен областынын ири райондорунун бири, ошондой эле жаңыдан салынып жаткан жолдорго жол белгилеринин жетишсиз экендигин элибиздин тынчтыгын коргоп, коопсуздугун сакташ ар бир жарандын милдети экендигин баса белгилеп кетти.  Аймактык тескөөчүлөргө жакынкы аралыкта атайын кызматтык болмолору менен аймактык милиция пункттарын куруларын, ошондой эле бүгүнкү күндө Кадамжай РИИБнун имараты жараксыз абалда экенин көрүп 2015-жыл ичи имараттын курулушун бүтүрөрүн жана изи сууй электе кылмыштын бетин ачкан кызматкерлерге акчалай сыйлык берерин убада кылды.

Баткен ОИИБнын начальниги Ашим Тагаев: “Мыйзамдуулукту орнотуу жалпыбыздын милдетибиз, тартип болмоюнча ийгиликтерге жетишпейбиз. Мен Сиздерге ишенем, сиздер элге таза, адал иштеп берсеңиздер мен Сиздерди колдойм, менин милдетим Сиздерге шарт түзүп берүү, буюрса материалдык техникалар менен сиздерди камсыздайм” деп айтып кетти.

Дамира ЮСУПОВА,  Баткен ОИИБи