Ж.Оторбаев Кыргызстан менен Башкортостан кызматташуусун активдештирүү боюнча конкреттүү план түзүүнү сунуштады
Жолугушуу кечээ, 3-декабрда болуп, анда Ж.Оторбаев, көп тармактуу кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташуусу, белгилүү деңгээлде аймактык байланыштар менен аныкталарын белгиледи.
«Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн 80% дейре эки өлкө аймак шериктеринин операцияларына туура келет. Кыргызстан жана Башкортостан ортосунда айыл чарба, өнөр-жай, туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүндүктөр бар. Эки аймак аралык соода жүгүртүү көрсөткүчү алга өсүү динамикасына ээ болууда», – деген өкмөт башчы, 2013-жыл жыйынтыгы боюнча Башкортостан жана Кыргызстан ортосундагы товар жүгүртүү 224 млн 182,1 миң АКШ долларын түзгөнүн билдирди.
Ошондой эле, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасы жана Башкортостан Республикасы аралык кызматташууну активдештирүү боюнча Иш-аракеттердин конкреттүү планын түзүүнү сунуштады.
Башкортостанга болгон иш сапарынын алкагында Ж.Оторбаев жергиликтүү ишкер чөйрө өкүлдөрү, республиканын алдыңкы ЖОЖ ректорлору менен жолугушуп, «Алексеевский» совхозуна барып, анда айыл чарбасын иштетүүнүн алдыңкы технологиялары менен таанышты.

Комментарий кошуу