Закир Козубаев, “Кызыл-Булак” кургак учук ооруканасынын башкы дарыгери: “Кургак учук курутпасын десек”
Кургак учук ооруусу бүтөүндөй коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууда. Жугуштуу бул оорунун алдын алалы деп коомчулук коңгуроо каккандыгына карабастан, дагы эле азайган жок. Тескерисинче көбөйүп жатат. Биз бул багытта Кадамжай райондук Кызыл-Булактагы кургак учукка каршы ооруканасынын башкы дарыгери Закир Козубаев менен баарлашканбыз.
-Закир Нарбаевич, дарыгер катары окурмандарга кургак учук ооруусу тууралуу айтып берсеңиз?
-Бул ооруу адам жаралганда эле пайда болгон. Бирок, оорунун жугуштуу экенин байкашкан эмес. Ошого карабастан дарыгерлер кургак учуктан сактануунун жолдорун издешкен. 1882-жылы немец окумуштуусу Роберт Кох тарабынан кургак учук таякчасы табылгандан кийин бул оорунун жугуштуу экендиги аныкталган. Кургак учук таякчасы буюмдарда, азык-түлүктөрдө бир нече айлап жашай беришет. Кургак учук оорулуу адамдан таза адамга узак убакыт жана тыгыз контакта болгон убакытта жугат.
-Азыркы учурда жугуштуу оорулар көбөйүүдө. Алардын бири кургак учуктун жугуу жолдору жөнүндө да айтсаңыз?
– Жугуштуу ооруулар дегенибиз эгер бир үй-бүлөдө оорунун ачык түрү менен жабыркаган бейтап болсо, башка адамдарга жугузат. Жукканда кимдин иммунитети төмөн болсо ошого жугат. Кургак учуктун ачык жана жабык түрү болот. Жабык түрү анчейин коркунучсуз, ооруган адамдан таза адамга түздөн-түз жукпайт. Бирок ачык түрү менен ооругандар айлана чөйрөгө өтө коркунучтуу. Жугуштуу түрү менен ооруган адамдар элге аралашып жүрүп эле бир жылда 15-20 адамга жугузуп коет. Айрыкча кыш мезгилинде бардык үй-бүлө мүчөлөрү бир бөлмөдө жатып, чогуу укташат. Ошол мезгилдин арасында бир оорулуу болсо, абага миллиондогон кургак учук таякчаларын бөлүп чыгарат. Окумуштуулар айткандай ооруканада чуркагандан көрө, стадиондо чуркаган жакшы деп. Кургак учуктун алгачкы белгилери узак убакытка кыска-кыска жөтөлүү, алсыроо, дененин ысышы, тердөө, арыктоо, көкүрөктүн оорусу, тамакка табити жоктугу, чарчоо жана кан түкүрүү. Эгерде жөтөл эки жумадан ашып кетсе, анда сөзсүз кургак учукка текшерилиш керек.
-Бул оорунун алдын алууга болобу? Кургак учук менен күрөшүүнүн жолдору?
-Биздин өлкөдө 1998-жылдан бери бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен ДОТСтун стратегиясы киргизилип, ошол боюнча иштеп келе жатабыз. Оорууну аныктоонун эң арзан жана колдон келе турган ыкмасы бул- какырыктан кургак учук таякчаларын микроскопиялык жол менен аныктоо. 2 күндүн ичинде 3 жолу какырыктын анализин тапшыруу, рентгенге түшсө да болот. Бирок өпкөнүн 300 түрдүү ар кандай ооруулары болот. Ошондуктан рентген диагнозду так кое албай калган учурлар да көп болот. Ошондой элен Манту реакциясын койсо да болот. Бул ыкма кургак учукту так аныктоочу ыкма болуп эсептелбейт. Кургак учук ооруусунун көбөйүшүнүн негизги себептери калктын социалдык-экономикалык жактан жакырданышы, ички-тышкы миграциянын күчөшү, ВИЧ инфекциясынын көбөйүшү, ветеринардык эрежелердин так сакталбашы, керектүү өлчөмдө финансылык-каражаттардын бөлүнбөгөндүгү таасир этүүдө.
Калктын саламаттыгын сактоодо медициналык кызматкерлердин үлүшү 15-20%ын гана түзөт, калган 30-40 %ын социалдык-экономикалык абалга, 30-40% тукум куучулук, экологиянын таасирине көз каранды болот. Азыркы мезгилде эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп мультирезистенддүү туруктуу учук ооруусу болууда. Бул негизинен туура эмес дарылануунун натыйжасы. Башкача айтканда ар кандай себептен кургак учук оорусуна каршы туура эмес дары ичкендиктен келип чыгат. Ооруган адам өзүнчө бир бөлмөдө жатып, идиш-аяктары да бөлөк болуусу керек. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө өзүн бет аарчы менен жаап, андан кийин аны жууп, же өрттөп салуусу керек. Кургак учук аба аркылуу жугат, андан эч ким сактанып кала албайт. Ошондуктан абаны таза сактообуз керек. Бул оору менен көрөшүүгө бир гана медицина кызматкерлеринин чамасы жетпейт. Жалпы коомчулук бирге аракеттенүүсү керек.
Ш.Эгембердиева, Кадамжай району


Комментарий кошуу