Өз көйгөйлөрүн өздөрү чечишет
2006-жылдан бери өлкөнүн борбор калаасындагы гана эмес, башка шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан көптөгөн атуулдарыбыздын кеңири колдоолоруна татыган “Шаарларды шаардыктардын көмөгү менен өнүктүрүү” долбоорунун натыйжасы жыл өткөн сайын жакшырып, кеңейип барат.
Тагыраак айтканда, өткөн Жылкы жылында эле аталган долбоордун алкагында өздөрү жашашкан көп кабаттуу үйлөрүндөгү бүтүп, бүтпөй калган бир топ иштерди өздөрүнүн күчтөрү менен бүткөрүүнү көздөшкөн, бирок, ал иштерди толук бүткөрүүгө бир гана демилге аздык кылаары белгилүү эмеспи. Ошондуктан, шаардын бюджетинен ушул маселеге багытталган каражаттан бөлүп берүүнү өтүнгөн 30га жакын билдирме өтүнүчтөр түшкөн. Шаар тургундарынын демилге өтүнүчтөрүн канааттандырууга шаар бюджетиндеги бул максаттар үчүн каралган каражаттан 5,6 млн. сом жумшалган. Мисалы, жогоруда аталган долбоордун активдүү катышуучусу “Гелий” жашоочулардын жамааттык биримдигине (ТСЖ) чоң суммада – 400 миң сом каражат берилген. Жашоочулар бул каражатты өздөрү жашашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн алдындагы жашоочуларды, автоунаалардын, өзгөчө ооруп калгандарга келген тез жардамдардын кирип-чыгуудагы кыйынчылыктарын чечүүгө, тагыраак айтканда, уңкул-чуңкул жолдорду ремонттоого, үйлөрдүн тегерегин жашылдандырууга, сантехникаларды жаңылоого, оңдоп-түзөөгө жумшашкан.
Кыскасы, аталган программанын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары өздөрүнүн каражатка кептелген көптөгөн маселелерин чечип алууларында бул долбоордун мүмкүнчүлүгү чоң. Кеп, активдүүлүктө. Себеби, көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн шаар бюджетинде 10 млн. сом каралган. Учурда бул каражаттын жарымынан көбүрөөгү аталган долбоордун алкагында өздөрү жашашкан көп кабаттуу үйлөрдөгү ар кандай маселелерди чечүүнү каалашкан шаардыктарга берилип, андан калган каражат каалоочулардын жоктугунан бюджетте кыймылсыз турат.
Бактыбек ИМАМАДИЕВ


Комментарий кошуу