Бюджеттин киреше бөлүгү 3 млрд. 148 млн. сомго аткарылды
Бүгүн КРнын биринчи вице-премьер министри Т.Сарпашевдин катышуусунда өткөрүлгөн коллегиялык отурумда: Ош шаардык мэриясынын 2014-жылдын мамлекеттик бюджеттинин киреше бөлүгүнө боюнча түшүүлөрдүн планы атайын каражаттарды кошкондо 107,6% аткарылды, же болбосо белгиленген пландагы 2 млрд. 926 млн. сомдун ордуна 3 млрд. 148 млн. сомго аткарылганды маалымдалды.
Коллегиялык отурумдун баяндамачысы, биринчи вице-мэр З.Аскаров ага улай 2013-жылга салыштырмалуу кирешелердин түшүүсү 227 млн. сомго көбөйгөндүгүн, же 115,1% түзгөндүгүн баса белгилеп өттү. Ошондой эле атайын каражаттарды кошпогондо план 109,6% аткарылды, же белгиленген 1 млрд. 573 млн. сом пландын ордуна 1 млрд. 724 млн. сомго аткарылды, башкача айтканда 151 млн. сомго ашыгы менен аткарылды- деди З.Аскаров.
Мындан сырткары, 2014 -жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы трансферттерди, жылдын башына калган калдыктарды жана атайын каражаттарды кошкондо 101,1% аткарылды, такталган пландагы 1 млрд. 45 млн. сомдун ордуна, 1 млрд. 57 млн. сомго аткарылды, же 11,8 млн. сомго ашыкча аткарылды. Ал эми 2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 787 млн. сомдон 270 млн. сомго, же 34,3% көп аткарылган.
2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо 102,9% аткарылып, пландагы 737,5 млн. сомдун ордуна 759,2 млн. сом жыйналды, же 21,6 млн. сомго ашыкча аткарылды. Ал эми 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 100,0 млн. сомго көп жыйналган.
2014-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн такталган планы 1 млрд. 45 млн. сомду түзүп, аткарылганы 1 млрд. 4,0 млн. сомду түздү же 96,0% аткарылды – деп кошумчалады биринчи вице-мэр З.Аскаров.
Г.ЖОРОЕВА, Ош шаары


Комментарий кошуу