колдо2 колдо колдо1

2014-жылдын 8-9-декабрь күндөрү Ысык-Көл облусунун  Түп районунун айыл аймактарынын  билим берүү мекемелеринде “Жергиликтүү денгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кырсыкты азайтуу маселелери”- деген темада кырсыкты азайтуу максатында окуу болуп өттү.

Окуунун негизги максаттары, турмуш тиричилик коопсуздугу сабагынын окутуу методдору боюнча иштелмелерди иштеп чыгуу, өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарды күчөтүү, андан тышкары жарандык коргонуу мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары боюнча мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу жана тажырыйба арттыруу.

Окуунун жүрүшүндө мектептерге жана бала бакчаларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даярдалган аптечкалар жана өрт калкандары таратылып берилди.

Бул окуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери тарабынан ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун, “Модернизация жана өнүктүрүү Агенттиги” коомдук бирикмесинин колдоосу менен жүргүзүлдү.