мошенничество1
 Биз кадрдык сектордогу коррупцияга каршы күрөшүүдө эки принципке таянабыз — ротация жүргүзүүдө өзүн жаман атты кылган адамдарды кое бербейбиз. Бул тууралуу «КРнын мамлекеттик органдарынын 2015-1017-жылдарга карата мамлекеттик антикоррупциялык саясаттын стратегиясынын аткаруу боюнча иш-чараларынын планын талкуулоо долбоору» семинарынын жүрүшүндө Экономика министрлигинин коррупцияны эскертүү саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Саякбаев кабарлады.

Анын айтымында, кадрдык саясатка антиккорупциялык механизмдерди киргизүү керек. «Алардын ичинде кадрдык ротацияларды жүргүзүү, коррупциянын пайда болуу тобокелчилиги чоң болгон тилкелерди изилдөө, жарандар тарабынан түшкөн дооматтарды анализдөө зарыл. Ошондой эле өзүн жаман атты кылган кызмат адамдардын кайрадан жетекчилик кызматтарга дайындалбоосу үчүн, коррупциялык укук бузуулардан улам жетекчилик кызматтан бошотулгандардын маалыматтар базасын түзүү керек», – деди Саякбаев.