Мамырова Бөдөш2-
Мамырова Бөдөш1-

Төрага орун басары Бөдөш Мамырова башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары бүгүн, 27-февралда Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту.

“Биз Түркиянын тажрыйбасын иликтедик, бирок Азия өлкөлөрүндөгү билим берүү тутуму менен таанышуу зарылдыгы бар”,- дейт парламенттин вице-спикери. Жолугушууга катышып жаткан Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев, комитеттин мүчөлөрү Роза Акназарова, Карамат Орозова, Гүласал Садырбаева Кыргызстандын билим берүү тутуму реформага муктаж болуп жатканын, Корея Республикасындагыдай өнүккөн заманбап жогорку технологиялар керектигин белгиледи. Буга байланыштуу, туруктуу негизде тажрыйба алмашуу зарылчылыгы турат.

Б.Мамырова жолугушууга катышып жаткан депутаттардын баары тармактык комитеттин мүчөлөрү экенин, ага жараша олуттуу реформаны талап кылып жаткан республикадагы билим берүү системасынын көйгөйлөрүн жакшы билишерин белгиледи.

Элчи Ким Чанг Гю Корея Республикасынын билим берүү тутумуна болгон кызыгуулар үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар элчи колдоого жана жакшыртууга муктаж болуп турган Кыргызстандын билим берүү тутумунун жогорку деңгээлине токтолду. “Бизде  мыкты техникалык билим берүү бар, ал эми гуманитардык багыт жактан аксоодобуз. Мен Кыргызстанда мындай айырмачылыктарга жол берилбейт деп ишенемин”,- дейт элчи.

Жолугушууну жыйынтыктаган Б.Мамырова Корея Республикасы агроөнөржай комплекси жана саламаттыкты сактоо тармактарына чоң жардам берип жатканын айтып, билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө дагы көңүл бурууну өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.