atambayev

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында автомобилдик транспорттун жүрүүдөгү натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган автомобиль транспорт каражатынын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарын азайтууга багытталган.

Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренси коммуналдык чарба, айыл чарбасы жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабына жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө пункт менен толукталат.

Ошондой эле аталган Мыйзамдын 2-статьясы рулдук башкаруусу сол тарабына жана оң тарабына жайгаштырылган транспорт каражаты деген түшүнүктөр менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.