Нарын түрк лицейи1

   Нарын шаарында болуп өткөн мектеп окуучуларынын олимпиадасы жыйынтыкталды. Анда Нарын кыргыз-түрк лицейинин окуучулары алдыңкы орунга чыккандыгын аталган окуу жайдын деректиринин орун басары Тургай Күчүк билдирди.

Биздин лицейден быйылкы жылдагы олимпиадага 22 окуучу катышышып, алардын жыйырма бири алдыңкы орундарды ээлешти. Тогуз окуучу биринчи, алтоо экинчи, экөө үчүнчү жана 4 окуучу төртүнчү орундарды алышты. Белгилей кетүүчү сөз, 9-класста окуган окуучубуз Чыңгыз Тилебалдиев 11-класстардын атынан катышып, Химия сабагынан биринчи орунду алды,-деп билдирди Т.Күчүк мырза.

Айтмакчы, өткөн жылдагы олимпиадада ушул окуу жайдын 9-классынын окуучусу Абдыганы Нурланбек уулу математика сабагынан облуста да, республикалык олимпиада дагы биринчи орунду ээлеген эле.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу