нацбанк

Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ, 3-февралда 11 млн 900 миң сом өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу КРУБдун сайтында маалымдалды. Улуттук банк январда жалпысынан 60 млн 470 миң сомго 4 интервенция жүргүздү. 13-январда Улуттук банктын резервдери 1 млрд 943 млн сомду түзгөн. Банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, улуттук валютаны колдоо үчүн резервдер жетиштүү.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА