груз1

 Транспорттук каражаттардын көлөмүн жана башка өлчөмүн ченөө жана өлчөө үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча терминалдары Эркечтам, Кызыл-Бел, Кайрагач жана Чоң-Капка өткөрүү пункттарында орнотула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге отчет берүү учурунда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси КР өкмөтүнүн 2014-жылга карата Программасынын максат, милдеттерине жетишүү боюнча Иш-аракет планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.

Жунусовдун айтымында, төлөөнүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында «Бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн аймактарда төлөм терминалдарын орнотуу жөнүндө» буйрук чыгарылган.

«Көлөмдүү салмак көзөмөлдөөчү башка өткөрүү пункттары боюнча да келишим долбоорлору иштелип чыгууда», – деди ал.