Тоолуктар үчүн электр акысы арзандайт
14-январда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун катышуусунда өлкөбүздүн энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жергиликтүү калк менен жолугушуп, аларга бийик тоолуу аймактардын абоненттери үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөтүлөөрүн айтып берди.
Буга чейин аталган облустун калкы 700 кВт/саатка чейин 70 тыйындан эсептелүүчү социалдык норманы 1000 кВт/саатка көбөйтүп берүүнү суранышкан. Алар мындай өтүнүчтү аймактын табияттын катаал шарты менен түшүндүрүшкөн. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлиги февралдан тарта тарифтер керектөө 1000 кВт/сааттан ашса, ар бир кВт/саат үчүн 1,82 сом, 700 кВт/сааттан ашып, бирок, 1000ге жетпесе 1,20 сомдон, 700гө чейин азыркыдай эле 70 тыйындан болоорун аныктаган. Мындай чечимди жолугушууга катышкан жергиликтүү эл колдоого алышты.
Ушул аптада Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик февраль айында электр энергиясына тарифтер төмөндөөрүн маалымдады. Ага ылайык, 700 кВт/саатка чейинки социалдык норма сакталат. Андан ашса үй тиричилиги үчүн керектөөчүлөр 1,82 сомдон, башкалар 1,97 сомдон төлөшөт. Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында бекитилген орто мөөнөттүк тарифтик саясатка ылайык, керектөө 700 кВт/сааттан ашканда калк үчүн 2,05 сомдук, өнөр жайлык керектөөчүлөргө 2,19 сомдук баалар белгиленген.


Комментарий кошуу