Тогуз-Торо районунун 102 тургуну башкы прокурор А.Саляновага кайрылуу жолдошту
Тогуз-Торо районунун тургундарынын атынан 102 тургун КРнын Башкы прокурору Аида Саляновага кайрылуу жолдошту. Кайрылууда айтылгандай, райондо өткөрүлгөн жалпы элдик чогулуштарда райондун элин керектүүөлчөмдө арзан баадагы курулушка керектүү жыгач материалдары менен камсыз кылуу, алыскы жайыттарга жол салуу багытында иштерди жүргүзүү боюнча район акимине талаптар дайым айтылып келет. Андыктан, райондун тургундарын курулушка керектүү жыгач материалдары менен камсыз кылуу үчүн райондун аймагындагы тиешелүү органдардан турган комиссия курамы жеринен көрүп, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Үч-Чат аймагында карагайдын көп жылдык запасы бар экендиги тууралуу өзүлөрүнүн жыйынтыгын чыгарып, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-июнундагы №21 токтому менен Үч-Чат аймагындагы карагайга баруу үчүн жол салууга 3,5 км жаңы жол салууга жер аянты бөлүнүп берилген. Жогоруда көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде, Тогуз-Торо токой чарбасынын Беш-Көл токой бөлүмүндөгүҮч-Чат участкасына жол салып, карагай алууга уруксат берүү тууралуу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылуулар жолдонгон. «Тиешелүү органдардан уруксат болгончо Тогуз-Торо айыл аймагына тиешелүү жер аркылуу эски ат жолдогу таштар жана жер көчкүлөр тазаланып, Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Үч-Чат аймагында жайгашкан токой фондусунун чегине чейин жол салынган, тактап айтканда курулган жол токой фондусуна тиешелүү жерге кирген эмес. Бул жерде токой чарбасына тиешелүү бак-дарактар кыйылбаган, токой чарбасына зыян келтирилбеген жана карагай кыюуга уруксат болбогондуктан, жол салуу иштери токтотулуп, ал жол жайытка баруучулар үчүн гана колдонулуп келе жатат. Бул жерде кызмат ордун талашуу гана болуп жаткандыгын билдиребиз», -деп айтылат кайрылууда.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу