курсан

Акыркы эки жылда Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын 24 кызматкерине карата кызматына байланыштуу даттануулар түштү.

Облуста иш сапары менен болгон ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аймактык кабарчыга билдиргендей, милиция кызматкерлерине карата берилген арыздар алар тарабынан болгон коркутуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыякуу көрүнүштөр менен байланыштуу. Учурда бул даттануулар боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда,-деп кошумчалады К.Асанов.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА