ойлоп тапкыч

ОшМунун медицина факультетинде окуган Бахтияр Байбулатов  бетти азыктандыруучу суюктукту ойлоп таап, анын атын карындашынын атына “Мадина” деп койгон. Кийинчерээк, “Мадина-2ни” ойлоп тапкан. Ал беттеги безеткилерди жана андан калган тактарды кетирүүчү касиетке ээ.

Анын айтымына караганда 6 өсүмдүктүн ширесинен жасайт. Баары бир мезгилде өспөгөндүктөн  даярдоого көп убакыт кетет дейт. Жыйынтыгында, колдонгондордун 80 пайызына оң таасирин берген. Келечекте дагы бир дары чачтын түшүүсүнө каршы каражат даярдоону пландап жатат.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА