БОДО

 Жаз менен мал арасында ар кандай оорулар келип чыгуу коркунучу бар экендигин облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Жалил Алымкулов облустук тутумдук жыйын маалында билдирди.

-Негизи мамлекет тарабынан берилүүчү вакциндер толук чечиле элек. Маселен күл дартына каршы вакциндер менен 29 пайыз гана камсызбыз. Бүгүнкү күндө малга каршы дарыларды алуу үчүн тендер эмдигиче өткөрүлө элек. Бирде Айыл чарба министрлиги, бирде инспекция өткөрөбүз деп ортодо талаш болууда. Эгерде жазга чейин маселе чечилбесе, мал дарттарынын былтыркыдан да көп чыгуу коркунучу бар. Себеби, малчылар тоого көчүп кеткичекти малдарды эмдөөдөн өтөрүп калышыбыз зарыл. Андан кийин эмдөөнүн кереги деле жок,-деп билдирди Ж.Алымкулов мырза.

Мындай көйгөйдү Өкмөткө коё тургандыгын жыйынга катышкан вице премьер-министр Дамира Ниязалиева убада кылды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу